Миталипов Мейман

Википедия дан

Миталипов Мейман (1932-жылы Фрунзе району, Кыргыз-Кыштак кыштагы) пахтачы-механизатор, Сациялистик Эмгектин Баатыры (1966). 1957-жылдан КПСС мүчөсү. Эмгек жолун 1945-жылы колхоздо иштөөдөн баштаган, кийин тракторист. 1955-жылдан Халмион МТСинде бри¬гадирмеханик. 1959-жылдан 21-парт съезд атындагы колхоздо пахтачылык бригадасынын бригадири. 1956-жылы анын бригадасы 100 га аянттын ар гектарынан 30,1 цден пахта жыйнап алган, анын 68%и машина менен жыйналган. 1971-жылы Ош айыл чарба техникумун бүтүргөн. Азыр «Бүргөндү» совхозунда бригадир. Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу, Октябрь Революциясы ордендери, медалдар менен сыйланган. 1980-84-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу, Октябрь Революциясы ордендери, медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Борбугулов М. "Ош областы энциклопедия" Фрунзе 1989ж.