Михаил Горбачёв

Википедия дан
Михаил Горбачёв.

Горбачёв Михаил Сергеевич (2.3.1931-30.8.2022, Ставрополь крайы, Привольный кыштагы) советтик, россиялык саясий жана мамлекеттик ишмер; СССРдин президенти (1990-1991). КПСС БКнын Башкы катчысы (1985-1991). 1966-68-ж. КПСС Ставрополь шааркомунун 1-, 1968-70-ж. Ставрополь крайлык к-тинин 2-, 1970-78-ж. 1-катчысы. 1978-85-ж. КПСС БКнын катчысы.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Михаил Горбачёв 1931-жылы 2-мартта советтик Орусиянын Ставропол крайындагы Привольный кыштагында туулган.

1966-68-ж. КПСС Ставрополь шааркомунун 1-, 1968-70-ж. Ставрополь крайлык к-тинин 2-, 1970-78-ж. 1-катчысы. 1978-85-ж. КПСС БКнын катчысы.

КПСС БКнын Башкы катчысы (1985-1991).

1988-89-ж. СССР Жогорку Советинин Президиумунун, 1989-90-ж. СССР Жогорку Советинин төрагасы.

Ал СССРдин биринчи жана акыркы президенти болгон (1990-1991).

1996-ж. Россия Федерациясынын президенттигине талапкер катары шайлоого катышкан.
1991-жылдын декабрынан Эл аралык социалдык-экономика жана саясий изилдөөлөр фондунун президенти («Горбачёв-фонд»). Нобель сыйлыгынын лауреаты (1990).

Саясий ишмердиги, реформалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

СССРдеги "Кайра куруунун" автору. Социал-саясий жана экономикалык реформалардын жардамы менен СССРдин ички жана тышкы саясатын өзгөртүүгө аракет жасаган. Бирок, реформалар, тескерисинче, экономикада рынок механизмдерине өтүүнү жана саясий режимди өзгөртүүнү талап кылган антикоммунисттик оппозициянын, Балтика боюндагы республикалардын СССРдин курамынан чыгуу үчүн кыймылынын күч алышына алып келген.
Горбачёвдун бийликке келиши менен СССРдин тышкы саясаты да кескин өзгөргөн. Ракеталык-ядролук куралдарды кыскартуу боюнча АКШ менен келишимдерге кол коюлган, Кытай менен мамилелер жөнгө салынган.
Горбачёвдун «жаңыча саясий ой жүгүртүү» тууралуу билдирүүсү 1989-ж. Чыгыш Европа өлкөлөрүндөгү революцияларга алып келип, Варшава Келишим Уюму, Экон. Өзара Жардамдашуу Совети кыйраган, ГДР менен ГФР биригип, советтик аскерлер Чыгыш Европадан жана Афганстандан чыгарылган. Август кризисинин (1991) учурунда, РСФСРдин президенти Б. Ельциндин өлкөнүн аймагында КПССтин иш-аракетин токтотуу тууралуу указы жарыялангандан кийин, КПСС БКнын Генералдык секретары кызматынан кеткендигин (24-август), КМШнын түзүлгөндүгүнө байланыштуу СССРдин президенти катары ишмердигин токтоткондугун (1991-ж. 25-декабрь) билдирген.


Сыйлыктары жана ардактуу наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Нобель" тынчтык сыйлыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Эл аралык коомчулуктун жашоосунун маанилүү бөлүгүн мүнөздөгөн тынчтык жараянына кошкон өрнөктүү салымы үчүн" 1990-жылы 15-октябрда Горбачевго Нобел тынчтык сыйлыгы ыйгарылган. 1990-жылдын 10-декабрында Ослодо болуп өткөн сыйлык тапшыруу аземине Горбачевдун -тапшырмасы менен- ордуна тышкы иштер министринин орун басары Анатолий Ковалев катышып, сыйлыкты алган.


1991-жылдын 5-июнунда Ослодо Горбачев Нобел лекциясын окуган (шартка ылайык, лауреат мындай лекцияны сыйлык тапшырылгандан кийинки 6 ай ичинде окуусу зарыл). Анда ал СССР элдеринин "заманбап цивилизациянын ажырагыс бөлүгү болууга, жалпы адамзаттык баалуулуктар менен, эл аралык укук нормаларына ылайык, шайкеш жашоого", ошол эле учурда өзүнүн кайталанбастыгын жана маданий ар түрдүүлүгүн сактоого умтулганын баса белгилеген. Ослодо жүргөндө Горбачев Норвегиянын премьер-министри, Социнтерндин көрүнүктүү ишмери Гру Харлем Брундтланд менен СССРдин эл аралык экономикага интеграциясы тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.



Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ички шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]