Моана

Википедия дан

"Моана" (англ. Moana) (/ moʊɑːnə /) 2016-жылы "Walt Disney Animation Studios" өндүргөн компүтерде анимацияланып тартылган америкалык үй бүлөөлүк тасма. Тасманын режиссёрлору- Рон Клементс, Жон Маскер, ал эми Дон Холл жана Крис Уилиямс биргелешип режиссёрлук кылышкан. Ошондой эле, тасмада Аулии Кравалхо (Моана), Дуэйн Жонсон, Рейчл Хаус, Темура Моррисон, Жемейн Клемент, Никол Шерзингер жана Алан Түдык үн коштошкон. Тасманын музыкасын: Лин-Мануел Миранда, Опетайа Фоай жана Марк Мансина жазышкан.

Бл чыгармада, кудайдын табышмактуу издерин табуу үчүн деңиз тарабынан тандалган жана полинезиялык уруунун жетекчисинин эрктүү кызы- Моананын окуяларын баяндайт. Анын аралына жамандык келгенде, Моана элин сактап калуу үчүн Мауи аттуу жарым кудайды издегени жолго чыгат.

"Моана"- 2016-жылы, 23-ноябрда Кошмо Штаттардагы кинотеатрларда көрсөтүүгө берилген. Бүгүнкү күнгө чейин дүйнө жүзү боюнча тасма 638 миллион АКШ долларын тапкан. Тасма 89- "Оскар" сыйлыктарын тапшыруу аземинде "Мыкты анимациялык чыгарма" жана "Мыкты ыр" ("Мен канчалык узакка барам") категорияларында наамдарга көрсөтүлгөн.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]