Моделдештирүү методу

Википедия дан

Моделдештирүү методу - таанып-билүү объектилерин алардын моделдери аркылуу изилдөө; реалдуу жашап турган предметтердин жана кубулуштардын моделдерин түзүү аркылуу изилдөө методу. Мисалы, экономикадагы, табигый жаратылыштагы ж. б. чөйрөлөрдөгү процесстерди алардын математикалык моделдерин түзүү аркылуу изилдөөгө, алардын ички механизмдерин аныктоого, ички түзүлүшүн тактоого болот. Моделдештирүү методу азыркы учурда өтө кеңири колдонулууда. Өзгөчө бул же тигил социалдык процесстерди изилдөөдө, көйгөйлөрдү чечүүдө компьютерлер колдонула турган моделдер бар. Компьютердеги типтүү жана жекече программалар алдын-ала түзүлгөн моделдердин негизинде иштелип чыгат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004