Мойдунов Жумакадыр

Википедия дан

Мойдунов Жумакадыр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыскача өмүрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мойдунов Жумакадыр (1938-жылы Өзгөн району, Кызыл-Кыштак кыштагы.)-жүгөрү өстүрүү, Социялистик Эмгектин Баатыры (1988). 1966-жылдан КПСС мүчөсү. Эмгек жолун Өзгөндогү курулуш-монтаждоо башкармасында жумушчу болуп иштөөдөн баштаган. Кийинчерээк, 1971-жылы чейин Өзгөн районундагы «Яссы» совхозунда ар кандай жумуштарда жигердүү иштеген. 1976-жылдан жүгөрү өстүрүүчү бригадада топ башы. Анын тобу 1987-жылы 56 га жүгөрүнүн ар гектарынан 158.3 цден түшүм жыйнап алган.

Сыйлыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Борбугулов М. "Ош областы энциклопедия" Фрунзе 1989ж.