Монумент пропагандасы

Википедия дан

Монумент пропагандасы -Улуу Окт. соц. рев-ясы жеңгенден кийин В. И Леннндин колдоосу менен мо­нумент өнөрүн өнүктүрүү боюнча Совет өкмөтүнүн иш чаралары.

1918-ж. 12- апрелде ЭКС падыша жанa анын жан-жөкөрлөрүнө тургузулган эстеликтерди алып таштоо, алардын ордуна каарман революционерлерге, илим, маданияттын ири ишмерлерине эстелик тургузуу жөнүндө декрет кабыл алган. Декретте тарыхый жанa көркөмдүк маанпси болбогон эстеликтерди алып таштоо, алардын ордуна революциянын гуманисттик маңызына тете чыгармаларды жаратуу көрсөтүлгөн. 1918-ж. 1-майда бир катар монархиялык эстеликтер алынып, шаарлар революциянын шаанисин берген майрамдык жасалгалар менен кооздолгон.

Пензада К. Маркска (скульптор Е. В. Ревдель), 1918-ж. 22- сентябрда Петроградда А. Н. Радищевге (скульптор Л. В. Шервуд), 7- ноябрда Революция аянтында К. Маркс менен Ф. Энгельске (скульптор С. А. Мезенцев) ж. б. эстеликтер тургузул­ган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.