Моравия
Моравия (чех. Morava, нем. Mähren) Чехиядагы тарыхый аймак. Моравиядагы биринчи турак жайлар алгачкы палеолитке таандык. Биздин заманга чейинки 400-жылдар ченде кельттер, биздин замандын башында германдардын маркоман жана квад уруулары жашаган. Биринчи миң жылдык аралыгында ал жерге славяндар (моравандар жана башкалар) келип отурукташкан.
Тарыхый аймак | |
Моравия | |
чех. Morava нем. Mähren | |
Мамлекет | |
---|---|
Аянты | |
• Баардык аянты |
22,348 км2 |
Популяция | |
• Калкы |
3 200 000 киши |
Этникалык топтор | |
Тилдер |
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]623–658-жылы Моравия славяндардын Само княздыгынын, 9–10-кылымдын башында Улуу Моравия княздыгынын курамына кирген, 1029-жылдан чехтин Пржемысловичилер ээлигинин бир бөлүгү болгон. Моравия – 1063-жылы Оломоуц епископтугу, 1182-жылдан Ыйык Рим империясына караган маркграфтык. Моравия калкы гусчулар кыймылына (1419–37) активдүү катышкан. 1526-жылы Чехия менен бирге Габсбургдар бийлигине караган. 1618–20-жылы Чехиядагы габсбургдарга каршы көтөрүлүш жеңилгенден кийин, Моравияда немис феодалдарынын тарабынан улуттук басмырлоо күч алып, катуу католиктик реакция жүрүп, Моравия иш жүзүндө Габсбург монархиясынын провинциясына айланган. 1782-жылы австриялык Силезия менен бирге борбору Брно шаары болгон бир административдик бирдикке бириктирилип, 1849-жылы монархтын өзгөчө жерине айланган. Чехословакия Республика түзүлгөндөн (1918) Моравия анын курамында. 1938-жылы фашисттик Германия Моравиянын кыйла бөлүгүн, 1939-жылы толук басып алып, «Богемия менен Моравия протектораты» деп аталган протекторатка кошкон. Немистик-фашисттик баскынчылардан Советтик Армия тарабынан 1945-жылы апрель–май айында бошотулгандан кийин Моравия Чехословакиянын курамына кирген.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7