Мукашева Роза

Википедия дан

МУКАШЕВА РОЗА

Акын Роза Мукашева Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында 1949-жылы 15-майда туулган. 1971-жылы Фрунзедеги политехникалык институттун технологиялык факультетин бүтүргөн. Ошол эле жылы Сокулук районундагы Киров кыштагында жашылча-жемиш иштетүүчү заводдо мастер, кийинки жылы Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын органикалык химия институтунда кенже илимий кызматкер болуп иштейт. 1973–1981-жж. Мамтелерадиодо редактор, 1981-жылдан Кыргызстан Комсомолунун Борбордук Комитети уюштурган «Жаш толкун» адабий бирикменин адабий кеңешчиси болуп иштеген. 1990-жылдан Биринчи Май районунун социалдык коргоо Башкармасында социалдык кызматкер болуп иштеген.
Чыгармалары гезит-журналдарга 1968-жылдан баштап жарыяланган. Алгачкы ырлар жыйнагы «Жаштыгым менин – жашыл өрт» деген ат менен 1972-жылы жарыкка чыккан. Көптөгөн ырлары орус, казак тилдерине которулган.
1969-жылы жаштар арасындагы адабият жана искусство конкурсуна катышып поэзия боюнча 1-даражадагы дипломго ээ болот. Ошол эле жылы Алма-Ата, Ташкент, шаарларында өткөн Бүткүл союздук жаштар поэзиясынын фестивалдарына катышып келген. 1975-жылы Москвада өткөн жаш акын-жазуучулардын Бүткүл союздук Кеңешмесине, 1986-жылы Орто Азия боюнча өткөн акын-жазуучу аялдардын Кеңешмесине катышкан.
1980-жылдан СССР Жазуучулар Союзунун мүчөсү.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Жаштыгым менин – жашыл өрт: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1972. – 64 б.

Жылдызым: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1977. – 49 б.

Жаркын дарак: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1981. – 72 б.

Күн жыттуу өрөөн: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан. 1986. – 76 б.

Көк жээк: Коллект. жыйнак: Каркыралар кайтканда. – Ф.: Кыргызстан, 1989.

Алыстаган ак дайралар: Ырлар жыйнагы. – Б. Шам.1998. – 88 б.