Мыкаачы суусу
Көрүнүш
Мыкаачы суусу | |
|---|---|
| Мүнөздөмө | |
| Узундугу | 45 км |
| бассейндин аянты | 504 км² |
| Жайгашкан орду | |
| Өлкө | |
| Област | Нарын облусу |
| Район | Ак-Талаа району |
Мыкаачы суусу — Ак-Талаа районундагы суу, Нарын дарыясынын сол куймасы. Узундугу 45 км, алабынын аянты 504 км2, деңиз деңгээлинен орточо бийиктикте 2200 м. Төөкуйрук тоосунун түндүк капталынан Кара-Суу деген ат менен башталып, Маистан өтөгүнөн өткөндө соолуп барып, кайрадан булактардан куралып, босоголуу кууш нук аркылуу Нарынга куят. Негизинен жаан-чачын, кар жана булак сууларынан куралат. Жылдык орточо чыгымы 3–4 м3/сек; эң көбү апрель–майда, эң азы январдабайкалат. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Кара-Суу, Жаңы-Тилек кыштагы бар.
Адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. - Б.: 2004. ISBN 9967-14-006-2