Нааман

Википедия дан

НааманТопоним, эпос боюнча Түркстандагы эпикалык өлкө, кыргыз жана башка түрк урууларынын көөнө ата журту, Манастын ата-бабаларынын мекени. СОВдо ата-журтун душмандан бошотууга келген Манас колунан коркуп, Анжияндан кытайга көчүүгө камынган Алооке кан:

Буруттун жери Нааманды,
Мурунку атаң алганы
Бул сөздүн жок жалганы.
Атамдын жерин бергин деп,
Алтайлык келип калганы. (СО, 2.226-227)
Аргасыздан кетем деп жемелеген уулу Коңурбайдын алдында актанат.
«Наамандын жери Түркстан, Айныдым мында жүрүштөн» (СО, 2.193,227). Анжыянды, Нааманды» дегенге караганда, эпикалык Нааман кеңири да (Тоолуу Орто АзияАла-Тоо, Памир-Алай), чакан да (Фергана чөлкөмү) аймак деп кароого болот.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Манас энциклопедия II., Манастын сюжети – ярупа. Бишкек, 1995