Набат

Википедия дан

Набат - агыш же саргыч түстөгү таттуу азык.

  • Ири кант кристаллдарынан турат. Жакынкы жанa Орто Чыгыш элдеринде кеңири тараган. Набаттын составында 99,75% сахароза бар.
  • Ным. 1%тен ашпайт. 10 кг Набат алыш үчүн 24,9 кг кумшекер, 0,01 кг белок ж-а 0,004 кг декстрин керектелет.
  • Набат алуу технологиясы: эки үлүш кумшекерге 1 үлүш суу куюлат. Мис., 10 кг кумшекерге 5 л суу куюп кайнатуу менен шире (шербет) алынат; ал шире жакшылап аралаштырылып көбүк чыкканча кайнатылат. Анан көбүк калкып салынат да, кай­натуу токтотулат.
  • Ширеге жумуртка (80—100 кг кумшекерге 1 жумуртка аралаштырылган 1 л суу) кошулат. Андан кийин шире кайнатылып, көбүгү улам калпып алынып турат.
  • Мындан бөлөк казанга 3—4 катар жарыш ак жип тартылат. Жиптердин учтары бириктирилип, желим менен жабыштырылып коюлат. Анан кайнаган шире жип тартылган казанга куюлат, 1 сааттан кийин ширенин үстүңкү чети ката баштайт, Казан атайын капкак менен жабылып, 3 сутка ошол бойдон калтырылат. Бул мезгилде жиптердин айланасында Набат кристаллдары пайда болуп, ал улам чоңоё бе­рет. 3 сутка өткөн соң казандагы толук ката элек шире башка идишке куюлуп алынат да, андан кондитер азыктары даярдалат. Казандагы жиптерге жабышып каткан. Набат кристаллдары жиби менен кошо чыгарылып, столдо кургатылат. Набат жиптери менен кошо сатылат. Бул накта Набат деп (65% накта набат) аталат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.