Назарматова, Касийра Мукашевна

Википедия дан
Назарматова Касийра

Назарматова Касийра Мукашевна (1.5.1947-ж. т., Нарын ш.) — экономика илимдеринин кандидаты (1975), профессор (1991), Кыргыз Республикасынын билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкери (1994).
1964-ж. Бишкек кооператив техникумун, 1968-ж. Самаркан кооператив институтун бүткөн.
1975-жылдан КМУда кафедра башчысы, декан, 1-проректор, 1985—88-ж. Кыргыз ССР жогорку жана атайын орто билим берүү министринин орун басары, 1988—95-ж. КМУУда 1-проректор, Эл аралык университетте проректор, 1995-жылдан Кыргыз Республикасынын бухгалтерлер жана аудиторлор ассоциациясынын президенти ошол эле учурда 1952-жылдан КМУУда кафедра башчысы болуп иштейт.
50ден ашык илимий эмгектин автору. Кыргыз Республикасынын коомдук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү. Эл достугу ордени менен сыйланган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.