Назарматов, Даниал Мукашович

Википедия дан

Назарматов Даниал Мукашович (1940-ж.т., Нарын ш.) — гитарчы, гитара өнөрүнүн мектебин негиздөөчү, музыка изилдөөчү, педагог. Кыргыз Республикасынын маданиятка эмгек сиңирген ишмери (1991).
1968-ж. Москвадагы П. И. Чайковский атындагы консерваториянын алдындагы музыкалык окуу жайынын алдындагы гитара классын, 1976-ж. Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүткөн.
1968—79-ж. Кыргыз мамлекеттик М. Күрөңкеев атындагы окуу жайында мугалим, 1969—71-ж. Бишкектеги балдардын П. Ф. Шубин атындагы музыкалык мектебинин директорунун орун басары, 1976—82-ж. Т. Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясынын көркөм жетекчиси, 1982—90-ж. директору, ошол эле учурда 1987-жылдан Бүткүл союздук музыкалык коомдун Кыргыз бөлүмүнүн төрагасынын орун басары, 1991—93-ж. Кыргыз Республикасынын маданият министри, 1993-жылда(А. Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын генералдык дирек¬тору.
Кыргыздын элдик, профессионалдык музыкасынын тарыхына, аны элге жайылтууга арналган китепчелердин, "Гитара күүлөрү" (1986) деген жыйнактын автору. Ондогон элдик обондорду, Муратаалы, Карамолдо, Атай жана башка классикалык күүлөрүн гитара үчүн иштеп чыккан. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешииин {депутаты (1990—95).

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.