Нанкансе

Википедия дан

Нанкансе (нанкани, гуренсе, гуренси, фрафра) — Гананын түндүгүндө жашаган эл. Буркина-Фасо менен чектеш аймактарда, Болтаган шаарына жакын жерде, ошондой эле Ак Вольта жана Кызыл Вольта дарыяларынын ортосунда жашайт.
Саны 400 миң адам (1990-жылдардын аягы).
Нанкансе элине гурунси, моси, дагомба, мампруси, талленси жана кусаси этностору жакын.

Тил

Нанканне (гуренне, гуренге) тилинде сүйлөшөт. Нанканне тили Нигер-конго макробүлөсүнүн гур уясына кирет.

Дин

Көпчүлүк жергиликтүү салттуу ишенимдерди карманышат. Ата-бабаларга, табият күчтөрүнө (от, суу, жер) жана Авене жогорку рухуна сыйынуу. Фетишизм. Тотемизм.
Калктын бир аз бөлүгү мусулмандар (сүннөттөр) жана христиандар (католиктер).

Чарбалык иштер

Негизги салттуу кесиптер:

  • дыйканчылык (таруу, сорго, фонио, жүгөрү, жер жаңгак, жашылчалар, буурчак өсүмдүктөр);
  • малчылык (майда мүйүздүү мал);
  • балык уулоо.

Көбүнчө эркектер Гананын түштүгүндө какао буурчактарын чогултуу үчүн сезондук жумуштарда иштешет.

Кол өнөрчүлүк

Токуучулук (оймо-чиймелер менен көк кездеме өндүрүү), карапачылык жана темир устачылык сыяктуу кол өнөрчүлүк, ошондой эле жыгачтан айкелдерди жана маскаларды жасоо өнүккөн.

Кийим

Эркектер кыска жеңдүү ак узун көйнөк кийишет, аялдардын кийими юбка жана кофта иретинде денени ороп турган эки кездемеден турат.

Тамак-аш

Ботколор, карите майы кошулган суюк тамак жана ачуу соустар кошулган токочтор.

Турак жай

Конуштар компакттуу жайгашып, чатыры конус түрүндөгү саман жана пальма жалбырактары менен жабылган тегерек кепелердин тобунан турат. Дан кампалары жана башка чарбалык курулуштар дубал менен курчалган. Короо-жайы мал короо катары пайдаланылат.

Коом

Аксакалдар жетектеген чоң үй-бүлө жамааттары салттуу коомдук уюмдун негизин түзөт, бирок патрилинейлик кландар жана матрилатералдык топтор да бар. Нанкансе элинин кээ бир балдары чоң ата жана чоң энесинин колунда тарбияланышат. Нанкансе балдарды социалдаштыруу үчүн чоң ата жана чоң энесине гана эмес, үй-бүлөдөн тышкары, таякелерине да жиберет. Тендана ("жердин сакчылары") — жер культунун дин кызматчылары олуттуу таасирге ээ.

Маданият

Скарификация (ритуалдык тырык түшүрүү) жана татуировка практикаланат. Элдик оозеки чыгармачылыктын негизги жанрларынын ичинен жомоктор, макал-лакаптар кеңири таралган.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]