Нара тили
Нара (нера, бареа, барья) тили — нара эли сүйлөгөн тил — негизинен батыш Эритреянын Баренту аймагында жана анын түндүгүндө таралган.
Бул тил көбүнчө түштүктө сүйлөгөн кунама тили менен чаташтырылат.
Тилдин өз аты «nəra bana» ("асмандагы сүйлөө").
| Расмий аталышы: |
Нара |
|---|---|
| Өлкөлөр: | |
| Колдонгондордун жалпы саны: |
80 миң (2001) |
| Классификациясы | |
| Түрмөгү: | |
|
Нил-сахара макроүй-бүлөсү (гипотеза)
| |
| Жазылышы: | |
| Тилдер коду | |
| ISO 639-1: |
— |
| ISO 639-2: |
— |
| ISO 639-3: |
— |
Классификация
Нара тили — обочолонгон (изоляцияланган) тил катары Нил-сахара макро-үйбүлөсүнүн курамына кирет. Салт боюнча, ал Нил-сахара макроүй-бүлөсүндө Чыгыш Судандын бутагына кирет. К.Эреттин классификациясы боюнча тама-нубия үй-бүлөсү менен бирге астаборан тобун түзөт.
Диалектилер
Нара тилинде 4 диалектилер бар:
- хигир (Higir);
- могареб (Mogareb);
- койта (Koyta);
- сантора (Santora).
Алардын ортосунда олуттуу айырмачылыктар бар. Ар бир диалект субдиалектилерге бөлүнөт.
Жазуусу
Тилди жазуу үчүн эфиоп жазмасынын негизинде да, латын алфавитинин негизинде да жазуу колдонулат.