Нартов, Андрей Константинович

Википедия дан

Нартов, Андрей Константинович [[[1693]]—16(27). 4. 1756, Петербург] — орус окумуштуусу, механик жана скульптор.

Москва математика жана навигация илимдер мектебинде темир устакана да жумушчу дан жетекчиге чейин көтөрүлгөн (170512). 1712 - жылдан Петербург сапайындагы устаканада иштер, Пётр 1нин темир устасы. 1723-жана темир усталардын устаты болгон. 171820-ж. Германия, Анг­лия, Францияда окуган. Нартовдун ил. жана коомдук ишмердиги кеп кырдуу: ал 1712-жылдан барельефтерди жана колдонмо өнөр чыгалмаларын көчүрүүчү, сай чыгаруучу станокторду ойлоп тапкан.

1724-ж. «Түркүн өнөр академиясынын» долбоорун түзүп, ал академияда сүрөт, скульптура, архитектураны гана окутпастан, тех.илимдерди — курулушту, металл иштетүү жана конструкциялоону ж. б. окутууну сунушталган. 1733-ж. Москвадагы «Царь-колоколду» көтөрүү үчүн механизм ой­лоп тапкан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.