Мазмунга өтүү

Нарын троллейбусу

Википедия дан
Троллейбус системасы
Нарын троллейбусу
Маалымат
Өлкө

 Кыргызстан

Жайгашкан жери

Нарын

Ачылган датасы

30-декабрь 1994-жыл

Менчик ээси

«Троллейбус» МИ

Жол кире акысы

5 сом

Каттамдар
Каттамдардын саны

1

Тармактын узундугу

13,7 км

Каттамдардын узундугу

6,7 км

Троллейбустардын курамы
Троллейбустардын саны

5

Троллейбустардын негизги түрлөрү

ЗиУ-682Г-018

Троллейбус парктарынын саны

1

Нарын троллейбусу Викиказынада


Нарын троллейбусу1994-жылы 30-декабрда Нарын шаарында ачылган троллейбус системасы.

СССР кулагандан кийин Нарын шаары Кыргызстандагы облустук борборлордун бири болуп калган. 1992-жылы Нарын шаары 40 миң калкы бар жана чоң унаалар жүрүүчү жалгыз көчөлүү борбордон алыс жайгашкан чакан шаар болгон. Шаардын калкынын аздыгына карабастан борбордук бийлик троллейбус системасын куруу чечимин кабыл алган. Жалгыз троллейбус линиясы Ленин көчөсү боюнча Мукаш Исаков көчөсүнөн автовокзалга чейин орнотулган. Линиянын аягында троллейбус паркы (троллейбустарды токтотуу үчүн ачык аянт) курулган. Нарындагы троллейбус линиясы 1994-жылдын 30-декабрында расмий түрдө ишке берилген[1].

2008-жылдын май айында троллейбус кыймылы убактылуу токтотулган жана троллейбус линиясы Мукаш Исаков көчөсүнөн жергиликтүү РИИБ чейин («Раймилиция» аялдамасы) узартылган. Бул узартылган линия аркылуу троллейбус кыймылы 2008-жылдын сентябрында башталган.

2013-жылы 17-сентябрда Бишкектен №1508 номериндеги ЗИУ-682Г-018 [Г0Р] троллейбусу алынып келинген[2].

2017-жылы 2-октябрда Бишкек шаарынан Нарын шаарына эки троллейбус берилген[3].

2023-жылы 11-январда Нарын шаарынын «Троллейбус» МИ Бишкек троллейбус башкармылыгы жарыялаган аукционго катышып, 500 000 сомго 4 троллейбусту сатып алган[4].

Троллейбус каттамы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жалгыз троллейбус каттамы «Ленин көчөсү» аялдамасынан «Раймилиция» аялдамасына чейин Ленин көчөсү аркылуу өтөт.

Троллейбус маршрутунун чиймеси

Троллейбустардын курамы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Модели Абалы Троллейбустун №
ЗиУ-682В Иштен чыгарылган 001
Иштен чыгарылган 002
Иштен чыгарылган 02
Иштен чыгарылган 003
Иштен чыгарылган 004
Иштен чыгарылган 005
Иштен чыгарылган 006
ЗиУ-682В [В00] Иштен чыгарылган 007
Иштен чыгарылган 008
ЗиУ-682Г [Г00] Иштен чыгарылган 009
Иштен чыгарылган 010
Иштен чыгарылган 011
Иштен чыгарылган 1116
ЗиУ-682В Номуру 008 деп өзгөртүлгөн 1401
ЗиУ-682В10 Номуру 009 деп өзгөртүлгөн 1485
ЗиУ-682Г-018 [Г0Р] Иш үстүндө 1508
Иш үстүндө 1517
Иш үстүндө 1524
Иш үстүндө 1527
Иш үстүндө 1531
Иш үстүндө 1532
Иш үстүндө 1533
ЗиУ-662В-012 [В0А] Иштен чыгарылган 2062
ЗиУ-682В [В00] Номуру 007 деп өзгөртүлгөн 2464

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]