11 Январь (Үчтүн айы)

Wikipedia дан
январь
Дш Шш Шр Бш Жм Иш Жк
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30 31
2016 ж.

</noinclude>

11-январь - Григорий календары боюнча 11-күнү, жылдын аягына чейин 354 (толук жылда 365) күн бар.

Майрамдар[оңдоо | булагын оңдоо]

Ошондой эле караңыз: Категория:11-январь майрамдары
  • Flag of Russia.svg Орусия - 1917-жылы Орусия аймагындагы биринчи корук ачылып, ал – "Баргузин коругу" деп аталган. Ушул датага байланыштуу Орусияда 1997-жылдан бери 11-январь Корук күнү катары белгиленип келет.
  • The Earth seen from Apollo 17.jpg Эл аралык маанайдагы «Рахмат» майрамы. (Бул күнү адамдар бири-бирин куттукташат жана жагымдуу: «Рахмат» деген сөзүн айтышат)

Окуялар[оңдоо | булагын оңдоо]

Ошондой эле караңыз: Категория:11-январь окуялары

Кыргызстан желеги Кыргызстанда[оңдоо | булагын оңдоо]

  • 1680 жылы Падышалык бийлик кыргыздарга каршы жортуул планын иштеп чыгып, Р.Старков менен И.Гречанин баштаган 1018 адамдык кол кыргыздарга каршы чапкын жасаш үчүн Томск шаарынан аттанып кан.
  • 1922 жылы РКП (б) саясий бюросу Түркстан компартиясына ортого алынган жерди ээлерине кайтарып берүү саясий жаңылыш экендигин эскерткен.
  • 2010 жылы Мурдагы Коргоо министри жана Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы Исмаил Исаков 8 жылга эркинен ажыратылган
  • 2013-жылы Ошто ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын түштүк аймактык башчысы Толкунбек Шоноевди белгисиз бирөөлөр атып кетишкен.

Rotating earth (large).gif Дүйнөдө[оңдоо | булагын оңдоо]

  • 1693 жылы Этна жанар тоосунун атылып чыгышынан улам жер титирөө болуп, Түштүк Италия, Сицилия жана Мальта ири кыйроолорго учураган. 100 000ге жакын киши набыт болгон.
  • 1698 жылы Пётр I баштаган "Улуу элчилик" Лондон шаарына келген. Пётр I Гринвич обсерваториясы, Акча сарай, Оксфорд университети жана Англис королдук илимий коому менен таанышып чыккан.
  • 1701 жылы Орусия византия жылнаамасынын ордуна Юлиан жылнаамасын колдонууга өткөн. Натыйжада 7208-жылдын 31-декабрынан кийин 1700-жылдын 1-январы келген
  • 1787 жылы Жылдыз астрономиясынын негиз салуучусу англиялык астроном У.Гершель Оберон жана Титания аталган Урандын эки спутнигин ачкан.
  • 1909 жылы Нью-Йоркто аялзатынын дүйнөдө эң биринчи автожарышы старт алган. Жарышта катышуучулар Нью-Йорктон чыгып, Филадельфияга сапар тартышкан. Баш байгеге жетүү үчүн катышуучулар Филадельфиядан кайра Нью-Йоркко биринчи келүүсү керек болгон.
  • 1962 жылы Перуда чоң жер көчкү жүрүп, ал 3 миңден ашуун адамдын өмүрүн алып кеткен.
  • 1966 жылы Рио-де-Жанейро шаарында болгон көчкүдөн жана суу каптоодон 340тан ашуун киши көз жумган.
  • 2001 жылы Түштүк Африка Республикасындагы "Эллис Парк" стадионунда футболдук матч учурунда тыгын болуп, 43 киши көз жумган.

Төрөлгөндөр[оңдоо | булагын оңдоо]

Ошондой эле караңыз: Категория:11-январь күнү төрөлгөндөр

Кыргызстан желеги Кыргызстанда[оңдоо | булагын оңдоо]

Rotating earth (large).gif Дүйнөдө[оңдоо | булагын оңдоо]

Каза болгондор[оңдоо | булагын оңдоо]

Ошондой эле караңыз: Категория:11-январь күнү өлгөндөр

Кыргызстан желеги Кыргызстанда[оңдоо | булагын оңдоо]

Rotating earth (large).gif Дүйнөдө[оңдоо | булагын оңдоо]