Нафтен кислоталары

Википедия дан

Нафтен кислоталары - бир же бир нече беш мүчөлүү көмүртек циклдери бар карбон к-талары.

Алар нефтинин составына кирип, андан жегичтин эритмесинин жардамы м-н туз түрүндө бөлүнүп алынат. Н. к.— сууда эрибеген, түссүз илээшкек суюктук. Нефть продуктуларында ж. б. орг. к-таларда эрийт. Шпалаларга сиңирүү, чайырларды эритүү үчүн, туздары эмульгатор ж-а дезинфекциялоочу зат катары кенен колдонулат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. "4 том" Фрунзе 1979