Неандертал адамы
Көрүнүш

Неандертал адамдары, палеоантроптор (лат. Homo neanderthalensis) – байыркы адамдар. Алар Европа, Азия жана Африкада мындан 200–35 миң жыл мурда (алгачкы палеолиттин аягы жана ортоңку палеолит) жашаган. 1856-жылы Дюссельдорфко (Германия) жакын Неандертал аймагында табылган адам сөөгү илимий сыпаттама алган соң, неандертал адамдары деп аталып калган. Неандертал адамдары архантроптор мененказмадан табылган азыркы типтеги адамдар аралыгында жашаган. Батыш Европанын неандертал адамдары орто бойлуу, мээси көлөмдүү, кабак сөөгү жакшы жетилген, маңдайы тайкы болсо, Алдынкы Азиянын неандертал адамдары аларга салыштырганда өнүккөн белгилерге ээ жана казмадан табылган азыркы типтеги адамдарга көбүрөөк окшош.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Биология: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7