Нейтрино астрономиясы

Википедия дан

Нейтрино астрономиясы - байкоо астронмиясынын Жерден башка булактардан чыккан нейтрино агымдарын изилдөөчү жаңы бөлүмү.

Ней­трино Күндүн жана жылдыздардын ички теги жана аларда болуучу процесстер жөнүндө информацияны Жерге жеткирүүчү бирден бир гана булак болуп эсептелинет.

Нейтрино астрономиясы негизги үч тармакка бөлүнөт: Күндүн нейтрино астрономиясыКүндөн кубаттуу ней­трино агымынын таралып чыгышы андагы суутектин гелийге термоядролук айлануу энергиясы менен камсыз кылынат. Нейтринолук жарк этүү — «тынч абалдагы» жылдыздардан кел­ген нейтрино агымдары. Нейтрино катышкан астрофиз. кубулуштарды изилдөө астрофизпканын жацы тармагын — нейтрино астрофизикасын пайда кылды. Нейтрино астрономиясы менен нейтрино астрофизикасынын өнүгүшү асман телолорунун түзүлүшү, о. эле өз ара начар аракеттениш жөнүндөгү информа­цияны да билүүгө жардам берет.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы.