Нематод илдети

Википедия дан
Heterodera glycines (x1000).

Нематод илдети - өсүмдүк менен азыктануучу зыянкеч нематоддор (жумуру курттар) пайда кылуучу илдет.

Ургундай эгилме жанa жапайы өсүмдүктердө кездешет. Илдетке чалдыккан үрөн кечигип чыгып, начар гүлдөйт. Өсүмдүк жакшы бурдөбөй, солуп калат же түшүмсүз болот. Нематод өсүмдүктүн тамыр системасына кирсе, аны чиритип, өсүмдүктө патогендүү козу карын бактерия менен вирустардын өөрчүшүнө комок берет.

Өсүмдүктүн сабагы жооноюп, жалбырагы кичирейип, деформацияга алып келет. Хризантема, бегония, папоротниктердин жалбырагы куурап калат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.