Неоромантизм

Википедия дан

Неоромантизм – 19–20-кылымдын аралыгында европалык көркөм мадабията пайда болгон ар кандай агымдардын комплексинин шарттуу аталышы. Неоромантизмдин агымдары катары француз символизмин, пост-импрессионизмди, катуураак айтканда – ошол мезгилдеги англиялык адабияттагы агымды (Ж. Конрад, Р. Киплинг) аташат. Музыкада Н. деп адатта соңку романтизмди (Ф. Лист, Р. Вагнер), ошондой эле романтизмдин стилистикасына айланып кеткен 20-кылымдын 70–80-жылдарындагы композиторлордун чыгармачылыгын түшүнүшөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]