Несториан жазуу эстеликтери
Несториан жазуу эстеликтери – несториандардын (тарсалардын, б.а. христиандардын) Борбордук Азиядагы жана башка аймактардагы 13–14-к-га таандык эпитафиялык эстелик жазуулары (к. Несторианчылык). Алар жалаң гана сириялык тилде жазылбастан, негизги калайыгына ылайык башка тилдерде (маселен, түрк тилдеринде) оңдон солго жазылчу байыркы сириялык (ассириялык деп да коюшат) алфавитте жазылган.
Кыргызстандагы несториан агымынын эстеликтери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргызстанда табылган бир катар таштардагы несториан жазуу эстеликтери анча чоң эмес сай таштардын бетине оңдон солго, жогортон төмөн түшүрүлүп жазылып, ортосуна ар кандай формада чырым (крест) белгиси чегилген.
Несториан жазуу эстеликтеринин бир бөлүгү 1907-, 1963-жылдарда Кыргызстанда Жууку суусунун (Ысык-Көл) жээгинен табылган.
Эстеликтер сирия-несториан жана түрк тилинде жазылган.
1980-жылдары Бурана жана Бишкектен 9 км Түштүк тараптагы Кара-Жыгач айылына жакын жерден да ушундай жазмада эстелик табылган.
Түрколог Ч. Жумагуловдун эсеби боюнча Кыргызстанда 700дөй эстелик ачылган. Несториан жазуу эстеликтерин алгач Орусиянын окумуштуу-сириологдору Д. А. Хвольсон, С. С. Слуцкий, П. К. Коковцов, Н. Н. Пантусов жана башка изилдешкен.
Несториан жазуу эстеликтери Санкт-Петербургдагы Мамлекеттик Эрмитажда (100дөн ашык), Алматынын Борбордук тарых музейинде (20дан ашык), Кыргызстандын мамлекеттик тарых музейинде, Францияда жана башка жерлерде сакталып турат.
Бул эстеликтердин түрк тилинде жазылгандарынын өткөн доорлордо кыргыз жергесинде жашаган элдердин тилинин тарыхын изилдөөдө мааниси чоң.
Несториан агымынын кыскача тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Христиандардын несториан диний агымынын негиздөөчүсү - Константинополдун патриархы (428–31) Несторий болуп эсептелет. Анын көз карашы өзү окуган Антиохия (Сирия) диний мектебинин жана окутуучулары Тарсиялык Диодор менен Мопсуэстиялык Феодордун таасиринде калыптанган.
Н. боюнча Кудай менен Адамдын (Христ) же эки жаратылыштын бир бүтүндүгү, башкача айтканда Иисус туулгандан катардагы эле адам болсо, чокунуп жана чырым тактага (крестке) асылып, кайра тирилгенден кийин Жараткандын уулу катары таанылат.
Мындай көз карашты таратканы үчүн Эфес (3-дүйнөлүк) соборунда (431) Несторийге ересь деген күнөө тагылып, соттолгон.
Куугунтуктун күчөшүнө байланыштуу несториандар, анын жактоочулары адегенде Кичи Азия, андан Орто Азиядагы Месопотамия Иранга, Кытайды көздөй ооп, жергиликтүү калкты несторианчылыкка үгүттөшкөн.
Несториандардын тарыхы Азрети Исанын Жибек жолундагы издери деген китепте тагыраак жазылган. Китептин орусчасы 2013-жылы жарык көргөн
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Джумагулов Ч. Эпиграфика Киргизии. Вып. 1. Ф., 1963; Вып. 2. Ф., 1982; Вып. 3. Ф., 1987;
- Джумагулов Ч. Язык сиро-тюркских (несторианских) памятников Киргизии. Ф., 1971;
- Жумагулов Ч. Кыргызстандын эпиграфикалык эстеликтери. Ф., 1988;
- Жумагулов Ч. Кыргызстандын байыркы эстеликтери (жазуулар), мамлекеттик тил (ойлор жана проблемалар). Б., 1998;
- Джумагулов Ч. Эпиграфические памятники древнего Оша. Б., 1999; Кыргыз терминологиясынын айрым актуалдуу маселелери. Б., 2000;
- Жумагулов Ч. Кыргызстандагы несториан түрк эстелик жазуулары (XIII-XIV кылымдар).
- Бейше Урстанбеков, Тынчтыкбек Чороев. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. - Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. - ISBN 5-89750-028-2. – 288 бет.
- Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия. Бишкек. 2003(жеткиликсиз шилтеме)
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7
Интернетке шилтеме
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- http://perviydoc.ru/v34983/бартольд_в.в._кыргыз_жана_кыргызстан_тарыхы_боюнча_тандалма_эмгектер?page=32(жеткиликсиз шилтеме)
- https://kmborboru.wordpress.com/2012/08/22/t-rkologiyadagy-zha-y-taby-lga/
- http://www.azattyk.org/a/1203301.html
- http://www.bbc.com/kyrgyz/kyrgyzstan/2014/02/140228_history.shtml
- http://journals.manas.edu.kg/mjsr/oldarchives/Vol02_Issue03_2002/241.pdf Archived 2019-07-12 at the Wayback Machine