Ниггли, Пауль

Википедия дан

Ниггли, Пауль (26. 6. 1888, Цофинген — 13. 1. 1953, Цюрих) — швейцариялык минералог, петрограф жана геохимик.

1907-ж. Цюрихтеги жог. тех. мектепти бүткөн. Нигглинин негизги эмгектери геохимия, металлогения, минералдардын химизми жанa магманын дифферендияланышына арналган. Too тектердин жанa минералдар­дын хим. составын эсептөө ыкмасын иштеп чыккан. Магма кендеринин генезис жактан жиктелишин негиздеген. Жер кыртышында хим. элементтердин таралуу закон ченеми алардын атомдук түзүлүшүнө жара­ша болот деген идеяны айткан.

Ниггли ысмынан нигглиит минералы аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.