Никита Яковлевич Бичурин

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

==Ишмердик жолу== Никита Яковлевич Бичурин 1777-жылы 29 –августта (9-сентябрь) Россия империясынын , Казань губерниясынын Чебоксары уездинин Акулево селосунда туулган. Бичурин 1853-жылы 11-майда (23-майда) Санк-Петербургда кѳз жумган . Алгачкы билимди Свияжскда нота ырдоодо билим алган , 1785-1799-жылдары Казанда семинарияда билим алган,аны артыкчылык менен аяктаган.Ишмердиги. 1799-жылы Казан духовный академиясын аяктаганда , мугалим болуп калтырылган.Грамматиканы жана риториканы окуткан.Мугалимдик жумушта жγрγп , монахка айланган , Казандагы Иоан монастрында иштеген. 1802-жылы Иркутсктагы Вознесенс монастырына архимандрит болуп жана семинарияга ректор болуп шайланган, бирок ал семинаристер менен конфликтке барган, аны уставды бузду деп кγнѳѳлѳшкѳн.1807-жылы Пекиндеги диний миссиянын башчылыгына дайындалган жана Кытайда 1822-жылга чейин калган.Кытай тилин эн жакшы билген жана ѳзγ сѳздγк тγзгѳн. Пекинде Бичурин кытай булактарын орусчага которо баштаган :« Сышу »(тѳрт китеп)-Конфуцийдин жана конфицианецтердин окуусунун жыйындысын ,γч томдук географиялык жыйнакты , кытай тарыхынын 17 томдугун,кытай хронологиясын ,«Описание Тибета»,«Описание Чжунгарии»,«Описание Пекина» ж.б.эмгектерин орусчага которгон .Наполеон менен Россия согушкан учурда , орустар Бичурин баштаган миссияны унутуп, акча бѳлγγ токтогон .Архимандрит саны(чин) андан алынып , Вааламский монастырга жѳнѳтγлгѳн.1821-жылы май айында Пекинден чыккан .1826-жылы тышкы иштер министрлигинде чыгыш таануучу Е.Ф.Тимковскийдин жардамы менен Санк-Петербурга келип , котормочу болуп ишке орношкон. 1828-жылы Россия ИАсына Байыркы Чыгыш жана анын адабияты бѳлγмγнѳ мγчѳ-корреспондент болуп кабыл алынган .1829-жылы ардактуу библиотекарь наамына татыган, 1830-жылы Забайкальеге экспедицияга чыгып ,будда храмдарынан китептерди ж.б. буюмдарды Петербургка алып келген.Кяхтеде биринчи кытай тили мектебин ачкан , ѳзγ сабак берген.Биринчи кытай китеби «Китайская грамматика».1831-жылдан Париждеги Азиаттык коомдун мγчѳсγ, Демидовдук премиянын бир нече жолку лауреаты.Санк-Петербургда светтик таанылууга (Светское признание) жетишип , анын тааныштары А.С.Пушкин,А.А.Краевский ,В.Ф.Одоевский, И.А.Крылов, И.И.Панаев ,А.В.Никитенко ж.б. болгон.1848-жылы ѳзγнγн негизги эмгеги«Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена» эмгегин жазганга киришет.3 томдук эмгек 1851-жылы аяктаган, бул мезгилде синологдун ден соолугу абдан начарлап калган.Кыргыздар кытай булактарында кезигээри тууралуу Бичурин биринчилерден болуп айтып чыккан.1853-жылы каза болгон.
.

Иакинфтин негизги эмгектери:

Записки о Монголии. Т.1-2 . — СПб., 1828. — 339 с. История первых четырех ханов из дома Чингисова. — СПб., 1829. Описание Чжунгарии и Восточного Туркестана в древнем и нынешнем состоянии. — СПб., 1829. Китайская грамматика. — Кяхта, 1831. — 32 с. История Тибета и Хухунора с 2282 г. до Рождества Христова 1227 г. / пер. с кит. монахом Иакинфом Бичуриным: в 2 ч. — СПб., 1833. Историческое обозрение ойратов или калмыков с XV столетия до настоящего времени. — СПб., 1834. О шаманстве // Отечественные записки. — 1839. — № 6. — С. 73-81. Забавные известия о России в китайской географии // Санкт-Петербургские ведомости. — 1840. — № 188. Китай, его жители, нравы, обычаи. — СПб., 1840. Отрывки из путешествия по Сибири // Русский вестник. — 1841. — Т. 4, № 10. — С. 74-94. Замечания на статью под заглавием: «Шесть сцен Ононского пастуха» // Москвитянин. — 1844. — Ч.2, № 4. — С. 330—337. Китай в гражданском и нравственном состоянии, 1848 Географический указатель мест на карте к истории древних среднеазийских народов. — СПб.,1851. — 115 с. Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена: в 3 ч. — СПб, 1851.