Никобар аралдары
Jump to navigation
Jump to search
Никобар аралдары - Инди океанынын түндүгүндө; 19 аралдан турат. Индиянын Андаман жана Никобар союздаш аймагынын түштүк бөлүгүндө, Бенгал булуңу менен Андаман деңизинин аралыгында. Аянты 1,6 миң км2. Ири аралдары – суу астындагы кырка тоолордун чокулары (бийиктиги 642 м), чакандары – кораллдар. Дайыма жашыл тропик токою, өскүлөң чөптүү шалбаа ээлейт. Кокос пальмасынын плантациялары бар. Балык, трепанг кармалат. Үлүл чогултулат.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7