Сапармурат Ниязов

Википедия дан
Ниязов Сапармурат Атаевич‎»‎ барагынан багытталды)
Сапармурат Атаевич Ниязов
түркм. Saparmyrat Ataýewiç Nyýazow, Сапармырат Атаевич Ныязов
Сапармурат Атаевич Ниязов
Желек
Желек
Түркмөнстандын президенти
27-октябрь 1991-жыл — 21-декабрь 2006-жыл
(1999-жылдан тарта — түбөлүкттүү президент)
Түркмөн башы
Андан мурунку: өзү Түркмөн ССРинин 1-чи Президенти катары
Андан кийинки: Гурбангулы Бердымухамедов
Желек
Желек
Түркмөн ССРинин президенти
желек
желек
27-октябрь 1990-жыл — 27-октябрь 1991-жыл
Андан мурунку: кызмат орун түзүлгөн
Андан кийинки: өзү Түркмөнстандын 1-чи Президенти катары
Желек
Желек
Түркмөнстан КП БКнын биринчи секретары
21-декабрь 1985-жыл — 16-декабрь 1991-жыл
Андан мурунку: Мухаммедназар Гапуров
Андан кийинки: кызмат орун жоюулган
Желек
Желек
Түркмөн ССРинин министрлер Советинин төрагасы
18-март 1985-жыл — 4-январь 1986-жыл
Андан мурунку: Чары Каррыев
Андан кийинки: Аннамурад Ходжамурадов
Желек
Желек
Түркмөн ССРинин Жогорку Советинин төрагасы
18-январь 1990-жыл — 2-ноябрь 1990-жыл
Андан мурунку: Оразгельды Овезгельдыев
Андан кийинки: Сахат Мурадов
 
Дини: Ислам
Туулган жылы: 19-февраль 1940-жыл
Туулган жери: Кыпчак, Ашхабад облусу, Түркмөн ССР, ССРС
Каза болгон жылы: 21-декабрь 2006-жыл
Каза болгон жери: Ашхабад
Мүрзөсүнүн орду: Түркмөнбашы күмбөзү, Кыпчак
Туулганда берилген ысымы: Сапармурат Атаевич Аннаниязов
Атасы: Атамурат Ниязов
Апасы: Гурбансолтан Атамурадова
Жубайы: Муза Ниязова
Балдары: уулу: Мурад
кызы: Ирина
Партиясы: ССКП жана Түркмөнстан демократиялык партиясы
Билими: Уулу Петр атындагы Санкт-Петербург полтиехникалык университети
Кесиби: инженер-энергетик

Ниязов Сапармурат Атаевич (түркм. Saparmyrat Ataýewiç Nyýazow, Сапармырат Атаевич Ныязов; туулганда берилген фамилиясы — Аннаниязов; 19-февраль 1940-жыл, Кыпчак, Ашхабад облусу, Түркмөн ССР21-декабрь 2006-жыл, Ашхабад, Түркмөнстан), Түркмөн башы (түркм. Türkmenbaşy) – түркмөнстандык мамлекеттик жана саясий ишмер, Түркмөнстан Республикасынын президенти (19902006).

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сапармурат Ниязов 1940-жылы 19-февральда Кыпчак кыштагында туулган. Расмий өмүр баяны боюнча анын атасы Атамурат Ниязов 1941-жылы өз калоосу менен фронтко кетип, 1942-жылы Кавказды коргоодо каза тапкан. Башка маалыматтарга таянганда атасы Чикола аймагында (Түндүк Осетия) туткунга түшүп, немистер тарабынан аттырылган. Энеси Гурбансолтан-апа жана бир туугандары (он жашар Мухамметмурат менен алты жашар Ниязмурат) 1948-жылы Ашхабаддагы жер титирөөдө каза болушкан.Сапармурат жетим калып, Кызыл-Арбат шаарындагы балдар үйүндө жайгашып калат. Орто мектепти мыкты аяктап, 1959-жылы Түркмөн геологиялык чалгындоо иштеринин жумушчулары жана кызматкерлеринин профсоюзунун аймактык комитетинде инструктор болуп иштейт. 1962-жылдан тарта ССКПнын мүчөсү. Бир нече ай Москва энергетика институтунда билим алган, бирок ден соолугуна байланыштуу окуудан кетүү тууралуу арыз жазган. Окуусун Ленинград политехникалык институтунда улантып, 1967-жылы инженер-энергетик адистиги боюнча диплом алган.

  • 1965-жылы —Ленинграддагы Киров заводунда формовщик
  • 1967-жылдан тарта — Ленин атындагы Безмей ГРЭСинде мастер, улук мастер
  • 1970-жылдан тарта — Түркмөнстан КП БКнын инструктору, бөлүм башчысынын орун басары
  • 1976-жылы — КПСС БКнын алдындагы жогорку партиялык мектепти бүтүргөн
  • 1980-жылдан тарта — партиянын Ашхабад шаардык комитетинин 1-секретары
  • 1984-жылдан тарта — КПСС БКнын инструктору
  • 19851986-жылы — Түркмөн ССР Министрлер Советинин төрагасы
  • 1985-1991-жылы — Түркмөнстан КП БКнын 1-секретары
  • 1990-жылы — Түркмөн ССР Жогорку Советинин төрагасы
  • 19902006-жылы — Түркмөнстандын президенти.

1993-жылы Түркмөнстан межлисинин чечими менен Ниязов дүйнөдөгү бардык түркмөндөрдүн башчысы деп жарыяланып, кийин Ниязовго «Түркмөн башы» титулу ыйгарылган. «Түркмөнстандын ардактуу аксакалы» (1994). Анын бейнеси улуттук акча – манатка басылган, өлкөдө «Түркмөн башы» альманахы чыгарылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]