Нори

Википедия дан
Нори жалбырактары (板海苔)

Нори (жап. 海苔?) — Порфир (Porphyra) тегине кирип, адам баласы тарабынан желчү кызыл балырлардын жапончо аталышы.

Мындан тышкары, «нори» түшүнүгү кызыл балырлардан жасалган азыктардын аты да болуп эсептелет. Аны жасаш үчүн суунун түбүндөгү балырларды чогултуп, андан кийин атайын ыкма менен кургатышат. Даяр өнүм жашыл кагаз түрүндө болот. Мына ушул балыр кагаздар жапон жана корей ашканасындагы тамактарды жасоодо колдонулат.

Жапония, Корей жана Кытай дүйнөдөгү нори өндүрүүчү негизги өлкөлөргө кирет. Бир эле Жапониядагы нори өндүрүшүнүн көлөмү 2 миллиарддан ашык долларга бааланат. Норинин корейче аты — «ким» (김). Корейлердин кими ачуу келсе, жапондордун нориси бир аз таттуу аралаш кыйгылт болот. Кореяда кимден түрдүү кимпабдар (김밥) жасалат.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алгач нори балырлардын бардык түрлөрүн атоо үчүн колдонулган. Нориге байланыштуу жазма булактардагы материал 701-жылы жазылган Тайхо кодексинде (大宝律令) кездешет. Ал эми «Уцубо» деген уламышта (987-жыл) норинин күндөлүк кадыресе тамак экендиги айтылат. «Нори» сөзү жапон тилиндеги «клей (жап. 糊),» сөзү менен омонимдеш болгондуктан, аны клей катары колдонушса керек деген божомолдор да бар.

Колдонуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Норини көпчүлүк учурларда суши менен онигири жасаш үчүн колдонушат. Бул балырлар гарнир жана түрдүү кесмелерге татымал иретинде да кошулат.