Нурманбетова, Эсенбүбү

Википедия дан

Нурманбетова Эсенбүбү (1957-ж. т., Талас району, Чоң-Алыш айылы) — опера ырчысы (лирика-коларатуралык сопрано). Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1992).
1978-ж. Кыргыз мамлекеттик кыз-келиндер педагогикалык институтун, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун аваздык-оркестрдик факультетинин жеке ырдоо бөлүмүн (1984) бүтүргөн.
1984-жылдан А. Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрында опера ырчысы болуп эмгектенет.
1987—88-ж. Москвадагы чоң театрда стажировкада болгон.
1990- жылдан өзү иштеген театрдын алдындагы 2 жылдык студияда жеке ырдоо боюнча сабак берет.
В. Власов, А. Малдыбаев, В. Ференин «Айчүрөк» операсында Калыймандын, «Ажал ордунда» музыкалык драмасында Зулайканын, «Токтогулда» Валентинанын, Н. Давлесовдун «Аста секин колуктусунда» Зияданын, Ж. Каниметовдун «Ак мөөр» опера-легендасында Ак мөөрдүн, Ж. Вердинин «Риголетто» операсында Жюлвдонун, «Травиатада» Виолеттанын, Россининин «Севильялык чач тарачында» Розинанын, Штраусстун «Цыган барону» опереттасында Арсенанын жана башка партияларын аткарат.
Нурманбетова орус композитору А. Альявьевдин «Булбул», казак композитору Хамидинин «Булбул», Н. Давлесовдун «Таң булбулун», К. Молдобасановдун ыр-романстарын, С. Юсупов, А. Жаркынбаев, А. Аманбаев жана башка композиторлордун, кыргыз обончуларынын (мис., Бедияров «Гүлгүн жаш», Ырсалиев «Жүрөлүчү жүрөк оорутпай» жана башка) ырларын зор чеберчилик менен аткарат.
Румыния (1985), Алжир (1986), Монголия (1987, 88), Түркияда (1993), мурунку СССРдин аймагынын көптөгөн шаарларында (Москва, Свердловск, Нижний-Тагил, Барнаул, Ярославль, Сочи, Киев жана башка) гастролдо болгон. Кыргызстан жаштар сыйлыгынын лауреаты (1992).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Талас облусу энциклопедия. Бишкек-1995-ж.