Нур-Баткен (футбол клубу)
Көрүнүш
| Толук аталышы |
"Нур-Баткен" элдик футбол клубу |
| Негизделген | 2018-жыл |
|---|---|
| Стадиону | Баткен шаарынын борбордук стадиону Баткен |
| Мелдеш | Кыргыз Премьер Лигасы |
| 2022 | |
"Нур-Баткен" Элдик Футбол Клубу- Баткен облусунун атынан ойногон элдик футболдук клуб.[1] Клуб 2018-жылы түптөлүп, 2019-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын Улуттук лигасында ойной баштаган. Улуттук лиганын дебюттук жылында, 2019-жылы мыкты оюн көргөзүп, 10 команда арасынан 4-орунга ээ болгон.
2021-жылы Улуттук лиганын "Б" зонасында жеңүүчү аталып, финалдык беттеште ойногон. Ал эми 2022-жылдан тарта Кыргыз Премьер Лигасынын дебютанты.
Кыргыз Футбол Союзу тарабынан уюштурулган KFU AWARDS 2021де Баткен областынын футбол ассоциациясы мыкты уюм номинациясында жеңишке ээ болду.
"Нур-Баткен" ЭФК тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 2018-жылы түптөлгөн, расмий түрдө Юстиция министрлигинен катталуусу 23 апрель 2019-жыл.[2]
- 2019-жылы Улуттук Лиганын "Б" тайпасында 10 команда арасында 4-орун.
- 2019-жылы "Фергана Акими Кубогу" эл аралык турнирде 2-орун.
- 2021-жыл Улуттук Лиганын "Б" тайпасынын жеңүүчүсү (1-орун), финалдук беттештин катышуучусу.
"Нур-Баткен" ЭФК сыйлыктары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- KFU AWARDS 2021де Баткен облусунун футбол ассоциациясы мыкты уюм номинациясында жеңишке ээ болду.
- 2019-жыл "Фергана Акими Кубогунун" күмүш байге ээси.
2022-жылкы футболдук сезонго курамы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]
|
|
Ижарадагы оюнчулар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Колдонулган булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- https://kpfl.kg/ru/clubs/nur-batken Archived 2022-03-09 at the Wayback Machine
- https://www.sports.ru/tribuna/blogs/bravenewkf/2997380.html
- https://www.transfermarkt.world/nur-batken/startseite/verein/84613 Archived 2022-09-27 at the Wayback Machine
- ↑ архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 23 Апрель 2022. Түп булактан архивделген күнү 9 -март (жалган куран) 2022.
- ↑ архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 23 Апрель 2022. Түп булактан архивделген күнү 6 -ноябрь (жетинин айы) 2022.