Нур жылуулук алмашуусу

Википедия дан

Нур жылуулук алмашуусу - нерселердин электр магнит нур чыгарышынан жана сиңирип алышынан пайда болгон өз ара жылуулук алмашуулар.

Нур жылуулук алмашуусу ортодогу чөйрө жок кезинде да болушу мүмкүн. Мис., күндүн чыгарган нурун жутуп алуу менен жердин жылышы. Адатта Нур жылуулук алмашуусу менен конвекцнялуу жылуулук алмашуу жана жылуулук беруу кубулуштары кошо жүрөт жана жетиштүү жог. температурада өзүнүн таасирдүүлүгүн көрсөтөт. Нур жылуулук алмашуусу метеорологияда, ра­кета техникасында, гелиотехникада, хим. технолооркуясында, жылуулук энергетикасында, кургатуу техникасында чоң роль ойнойт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.