Окторкой тоосу

Википедия дан

Окторкой тоосу (моңголчо огторгой –асман; асман тиреген, көк мелжиген, көк тиреген) Кыргыз Алатоосунун түн.-чыгышында, Кызылсуу, Желаргы, Көкжар сууларынын ортосунан орун алган.

Уз. 30 кмден ашык, туурасы 7 км, орт. бийикт. 3000 м, эң бийик жери 3125 м (Карамакоо чокусу). Кыры тайпак, түн. капталы кыска, Желаргы өрөөнүнө акырындык м-н жантаят. Түш. капталы узунураак, жар, кокту-колоттуу. Байыркы денудациялык түздүктөрдүн калдыктары бар. Девон, ордовиктин кызыл түстүү конгломерат, кумдук, жашыл ж-а бо- зомтук жашыл түстүү сланец, порфирит, туф тектеринен туруп, айрым жерлерин палеозойдун гранит, гранит-диорит интрузия тектери жиреп чыккан. Кеңдик багытындагы жанаша кеткен тектон. жаракалар м-н тилмеленген. Тоого талаа (2300 м бийиктикке чейин), андан жогору бадал токой аралашкан шалбаалуу талаа ландшафттары мүнөздүү. Жайыт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2