Окутуунун аудиовизуалдык каражаттары

Википедия дан

Окутуунун аудиовизуалдык каражаттары – окутуу процессинде колдонулуучу аудио жана видео материалдар. Окуу материалы, же анын структурасы, же эң негизги жери аудио жана видео кассеталарда, слайддарда, трансперенттерде, плакаттарда, схемаларда жазылат. Алар «Бул сиз үчүн кандай угулат?», «Көрдүңүзбү, мен эмнени айтып жатам?» аспектилерин баса белгилөөчү каражаттар болупп эсептелет. Аудио каражаттарга үн менен коштолуучу аңгемелер, таратма материалдар, лекциялар, кассеталар, визуалдык каражаттарга атайын аппараттын жардамында көрсөтүлүүчү слайддар, плакаттар, графиктер, схемалар, видео материалдар кирет. Мисалы, слайддар проектор деп аталган атайын аппараттын жардамында экранга чагылтылат ал эми видео кассеталар видео аппарат аркылуу көрсөтүлөт, аудио кассеталар магнитофону бар радио аппаратуралар аркылуу угузулат. Азыркы мезгилде визуалдык жана аудио аппаратуралардын колдонулуш чөйрөсү абдан тез ылдамдыкта кеңейүүдө. Ошого байланыштуу бизге белгилүү болуп калган видео, аудио аппараттардын, компьютерлердин айкалышкан мүмкүнчүлүктөрү абдан бат өнүгүүдө. Мисалы алсак, аралыктан окутуу мына ушуга негизделген.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004