Окутуунун кабинеттик системасы

Википедия дан

Окутуунун кабинеттик системасы – окуу сабактарын уюштуруунун бир түрү. Окутуунун кабинеттик системасына ылайык окуу планындагы предметтер боюнча сабактар атайын жабдылган окуу кабинеттеринде, мектеп устаканаларында же мектептин спорттук залында окутулат. Окутууун кабинеттик системасы боюнча класс коллективине өзүнчө атайын бөлмө бекитилбейт; алар бир кабинетте сабак окугандан кийин башка кабинетке өтүшөт. Алардын ордуна башка класстын окуучулары ошол предмет боюнча сабак окуу үчүн келишет. Ошентип, сабактардын расписаниеси көп факторлорду эске алуу менен туура түзүлгөн учурда ар бир предметтик кабинет-аудитория, устакана же спортзал дайыма иштеп турат.

Бул системага өтүүмектептин класстык бөлмөлөрүнүн аянтын рационалдуу пайдаланууга шарт түзөт. Окуу бөлмөлөрүнүн үнөмдөлүшү 20%ке жетет, 2-сменага чыгарылган класстардын саны кыскарат. Бардык сабактар боюнча сабактардын (мектептин комплекттүүлүгүнө жараша бир предмет боюнча 1, 2 же бир нече класс кабинети болушу мүмкүн) атайын жабдылган кабинеттерде окутулушу окуу-тарбия процессинин натыйжалуулугун жогорулатат. Окутуунун кабиеттик системасы боюнча сабакта окуу планына ылайык ар түрдүү көрсөтмө куралдарды, окутуунун техникалык каражаттарын, лабораториялык жабдууларды жана ушул сыяктуу нерселерди системалуу пайдаланууга шарт түзүлөт. Окутуунун кабинеттик системасы колдогу окутуу каражаттарын жакшы сактоого да мүмкүндүк берет. Окутуунун кабинеттик системасы мугалимдин эмгегин жеңилдетет, убактысын үнөмдөйт. Демейде кабинетти бир нече предметтик мугалим жабдыйт жана чогуу пайдаланат. Бул болсо өз ара тажрыйба алмашууга туруктуу шарт түзөт. Кабинеттин жасалгасы жана жалпы көрүнүшү окуучулардын бир предметтен экинчисине тезирээк өтүшүнө, алардын көңүл буруусу туруктуу жана багыттуу болушуна шарт түзөт. Кабинет (устакана, спортзал) класстан тышкаркы иштердин (ийрим, факультатив ж. б.) базасы болуп кызмат өтөйт. Кабинетти жасалгалоо үчүн окуу-көрсөтмө куралдарын даярдоого окуучуларды тартуу аларды конструкциялоого жана моделдөөгө үйрөтөт. Окутуунун кабинеттик системаларына өткөндө жергиликтүү шартты (класс бөлмөлөрүнүн жана класс комплектилеринин саны, окуу жабдууларынын бар-жоктугу ж. у. с.) толук эске алуу зарыл.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004