Окутуу процесси

Википедия дан

Окутуу жараяны(процесси) – максатка жетүү багытындагы мугалим менен окуучунун биргелешкен аракеттери. Анын жүрүшүндө билим берүүнүн, тарбиялоонун жана өнүктүрүүнүн негизги маселелери чечилет. Окутуу бул эки жактуу процесс. Мугалим окутат, окуучу окуйт. Мугалим менен окуучу окутуу процессинин материалдык негизи болуп эсептелет. Эгер окутуу процессин дидактикалык система катары карасак, анын элементтери төмөнкү суроолорго жооп берүүсү керек: ким окуйт жана ким окутат (окуучу жана окутуучу); эмне үчүн окутуу керек (окутуунун мазмуну жана көлөмү); окутуу эмнеге негизделет (окутуу принциптери); кантип окутуу керек (окутуу технологиясы) ж. б. Окутуу процесси аркандай баскычтагы окуу жайларында ишке ашырылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004