Окууну жекелештирүү

Википедия дан

Окууну жекелештирүү (индивидуализация обучения) – дидактиканын маанилүү түшүнүктөрүнүн бири болуп окуучунун өнүгүү деңгээлин, окуу жөндөмдүүлүгүн, өзүнө тиешелүү өзгөчөлүгүн окуу материалын өздөштүрүүдө окуучулардын ортосундагы айырмачылыктарды, жеке бөтөнчүлүктөрдү эсепке алуу менен уюштурулган окутуу ыкмасы менен байланышат. Окуу предметинин мазмунун өздөштүрүү процессинде конкреттүү материалды үйрөнүү учурунда, үйгө таапшырма берүүдө окуучунун рухий-интеллектуалдык, психо-физиологиялык өзгөчөлүктөрүн, өзүмдүк талант-шыгын, кызыкчылыктары менен керектөөлөрүн, предметке кызыгуу даражасын, сабактагы өксүктөрүн, билим деңгээлин терең эсепке алып, жекелештирип окутуу окуучунун жөндөмдүүлүктөрүнүн, ички потенциалдык мүмкүнчүлүктөрүнүн ачылышына, өсүшүнө шарт түзөт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004