Олеттер, элөт же огелед

Википедия дан
Олеттер

Бардыгы:
 Монголия: 15 520
 Кыргызстан: 12 000
 Кытай
 Калмакстан

Дини

Ламаизм (тибет бурканчылыгы)

Расалык тиби

Монголоид расасы

Тууган элдер

дербеттер, торгуттар, хойттор, хошуттар, уранхайлар, сэгэнуттар, икинаттар

Олеттер, элөт же огелед - Монголиянын Кобдос, Арахангай аймактарында жашаган монгол тилдүү калк. Саны 10 миңден ашуун, ойрот диалектисинде сүйлөшөт. Тарыхый фольклордун маалыматтары боюнча жунгарлар түндүк олеттерден тарашкан. Изилдөөчүлөр этноним «өз алдынча бөлүнгөн», «жамааттан, негизги журттан ыраак жайгашкан эл» маанисин туюнтат. 1753-1756-жж. олеттердин көпчүлүгү цин-манжур аскерлери тарабынан жазаланып, кыргынга учураган. Бул субэтнос «кара калмактар» деген ат менен да белгилүү. Текес суусуна жакын жерлерде жашашат. 20-к. 20- ж. чейин Ысыккөлдөгү сарт- калмактар өздөрүн олеттер деп аташчу. Олеттердин келип чыгышында дэрбэт, хойт, уранхай, кыргыздар негизги роль ойношкон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]