Олуят чал

Википедия дан

Олуят чал«Манас» эпосунун “Манас» эпосунун эпизоддук кейипкери. Саякбай Каралаевдин вариантында бир жашында жетим калган Бакайды О. ч. жердин түбү Желпинишке алып кетип, багып чоңойткону айтылат. Ошондуктан, «Байдын уулу эр Бакай» же «Олуят чалдын эр Бакай» делип айтыла берет.

Олуят чал — "Манас" эпосунун кейипкери. Бир катар варианттарда Манас ачуусуна тийген О. ч-ды чапкандыгы эскерилет. Молдобасан Мусулманкуловдун вариантында «Манастын Олуят чалды бүктөгөнү» деген тема бар. Анда терс кейипкер катары сүрөттөлүп, жолдон ары-бери өткөндөрдү тосуп, батамды берем деп, элди алдап же күчтөп малын тартып алып байыган О. ч-ды Манас өлтүрүп, малын элге таратып бергени баяндалат.

Олуя чал — кейипкер. Саякбай Карала уулунун айтуусу боюнча «Кененде» жер кезип жүргөн Акжолтойго жолугуп, О. ч. Сейтек менен Акжолтойго эгиз сур ат — Кулансур менен Кулунсурду атайылап арнап алып келип берет. Акберметтин дайынын айтып анын көөхар шакегин Сейтекке Акжолтойдон берип жиберет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4