Омуроо буттуулар

Википедия дан
Spirobranchia.

Омуроо буттуулар, брахио-поддор (лат. Brachiopoda) — омурткасыз жаныбарлар тиби. Уз. 10 лиге жетип, курсак жанa жөн жагынан кош капкалуу, аки таштуу раковина менен капталган.

Капкалар жонунан байламта аркылуу өз ара биригип турат. Топуракка сабакчасы менен бекийт. Омуроо буттуулардын денеси раковинанын арт жак бөлүгүндө орношкон; анын мантия төшөлгөн алдыңкы белүгүн эки өсүндү — «колдор» ээлейт. Алардын бетинде мантияга азык бөлүкчөлөрдү, кычкылтек алып келе турган суу кпргизүүчү кирпикчелер капталган тинтүүрлөрү бар.

Оозу «колдордун» түбүнө жайгашкан; ичегиси туюк. Жүрөгү, кан тамырлары, нерв ж. б. органдары болот. Айрым жыныстуу; метаморфоз жолу менен өөрчүйт; сууда эркин сүзүүчү личинкасы суб­стратна жабышкандан кийин жаш организмге айланат. Алардын азыр жашаган 280дей түрү белгилүү. Ба­йыркы Омуроо буттуулар кембрий мезгилинде пайда болуп, ордовиктен девонго чейин түрлөрү көбөйген. Палеозой мезгилиндеги чөкмөлөрдү стратиграфиялык жактан изилдөөдө мааниси чоң.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.