Онарча

Википедия дан

ОНАРЧА – төмөнкү таш дооруна таандык археологиялык эстелик. Деңиз деңгээлинен 2400–2500 метр бийиктикте жайгашкан. Онарча суусунун оң тарабындагы 30–40 метр бийиктиктеги тектирчеден бир кыры чабылып, дого түрүндөгү мизге айландырылган, экинчи жагы кармаганга ылайыкташкан сай ташы табылган. Археологияда мындай курал чоппер деп аталат. Чоппердин жанынан ташты бөлө жарчу дого сымал миз чыгарылган кыргыч кездешет. 1953-жылы А. П. Окладников тарабынан Нарын облусунун Онарча суусунун оң өйүзүнөн табылган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.