Оогандык кыргыздар

Википедия дан

Памирдик кыргыздарОоганстандын аймагына караштуу Памир тоолорунда жашаган кыргыздардын бир бөлүгү. Аларды «сары колдуктар» деп да коюшат. Жалпысынан «чоң памирдик» жана «кичи памирдик» болуп экиге бөлүнөт; Оогандык кыргыздырдын көпчүлүгү ичкилик тобуна кирет жана тейит, кесек, катаган, найман, окчун урууларынан жана кочкор, бука, шайым, алапа, кызылбаш уруктарынан турат. Оогандык кыргыздарды 1978-жылкы Саур (Апрель) революциясына чейин Кичи Памирде Рахманкул (1912-ж. туулган), ал эми Чоң Памирде жергиликтүү Акжол хандын уулу Жолой хан бийлеп келишкен. 1978-жылы Рахманкул баш болгон Кичи Памирдеги кыргыздардын көпчүлүгү Пакистандын Гилгит вилайетине үрккөн. Пакистанда ачарчылыкка учурап, алардын ичинен Ооганбек (Авгамбек) ажынын уулу Абдрашит баш болгон 42 түтүн кайра Кичи Памирге кайткан. Пакистанда калган кыргыздардын бир аз бөлүгү 80-жылдардын башында Түркиядагы Ван көлүнүн түндүк-чыгыш боюна көчүрүлүп келинген.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.