Оорунун белгиси

Википедия дан

Оорунун белгиси, симптом (гр. symptoma — белги) — ар кайсы ооруларга мүнөздүү белги.

  • Оорунун белгиси жалпы(мис., ал кетүү, эт ысуу), бир гана ооруга тиешелүү (мис., он эки эли ичегинин жарасы тешилгенде ичтин катуу ооруганы), субъективдүү (оорулууну сураганда гана билинүүчү), объективдүү (аускультация, пальпа­ция, перкуссия ж. б. метод менен изилдегенде билинүүчү), о. эле ооруну билдиргич эрте жанa кеч байкалуучу болуп бөлүнөт.
  • Азыркы дарылоо жана профилактикалык эмдөөлөрдүн таасиринен Оорунун белгиси өзгөрүлүп, кээде жоголот.
  • Симптомдор диагноз жана оорунун прогнозуна негиз болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.