Операционализм

Википедия дан

Операционализм, операциялык эмпиризм — илим тилин операциялык кайра түзүүгө байланышкан филос. концепция (көз караш).

0-кылымдын башында физикадагы олуттуу ачылыштарга байланыштуу чыккан.

  • Операционализм концепциясын биринчи англ, физик Н. Кэмпбелл белгилеген. П. У. Брижмендин 1920-жылдардагы эмгектеринде Операционализм теориялык табият таануунун жанa коомдук илимдердин филос.- методол. негизи болууга доомат кылган идеялык агым катары калыптанган.
  • Операционализм түшүнүктүн предметтик маанисин верификациялоо негизинде же суроолордун жоопторун тактоо жолу менен аныктайт. Ил. практикада операциялуу аныктоонун аналогу — математиканы конструктивдик же алгоритмдик аныктоо (арифметикада — эсептөө эрежеси, геометрияда — түзуү эрежеси ж. б.).
  • Операционализм теориялык табият таануунун. асыресе физиканыи методологиясына таасир тийгизсе да, аны абсолютташтыруу «операциялык догматизмди» туудурду.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.