Организмдин коргонуу функциялары

Википедия дан

Организмдин коргонуу функциялары — организмди айлана-чөйрөнүн өзгөрүүлөрүнөн коргоп, ага бактериялар, вирустар жана башкалар зыяндуу заттардын киришине тоскоол болуп, организмдин ички чөйрөсүнүн (кан, лимфа, ткань суюктугу) составынын жана касиеттеринин туруктуулугун (гомеостазды) бир калыпта кармап турууну камсыз кылуучу өзгөчө физиологиялык механизмдер.

Барьерлердин бөлүнүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Организмдин коргонуу функцияларын тышкы жана ички тоскоолдор (барьерлер) аткарат. Тышкысына тери, дем алуу системасы, тамак сиңирүү системасы, анын ичинде боор, бөйрөк кирет.

  • Тери организмди айлана-чөйрөнүн түрдүү өзгөрүүлөрүнөн сактап, жылуулукту жөнгө салууга катышат; организмди бактериялар менен токсиндердин киришинен сактайт жана зат алмашуунун продуктуларын тер менен чыгарууга жардам берет.
  • Дем алуу системасы газ алмашуудан тышкары абадагы чаң жана ар кандай зыяндуу заттардан мурун жана бронхтордун эпителийинин жардамы менен тазалайт. Тамак сиңирүү системасына кирген заттар карын менен ичегиде сиңирилүүгө ылайыкталып, керексиз заттар, ошондой эле ичегиде пайда болуучу газдар ичегинин перистальтикасынын натыйжасында организмден чыгарылат.
  • Тамак сиңирүү системасында боор коргоо милдетин аткарат; анда тамак менен кирген же ичегиде пайда болгон организм үчүн уулуу бирикмелер зыянсыздандырылат.
  • Бөйрөк организмдеги кандын туруктуулугун жөнгө салат, организмди зат алмашуунун акыркы продуктуларынан бошотот. Ошондой эле тышкы тоскоолдорго ооз көңдөйүнүн, көздүн, жыныс органдарынын былжыр челдери кирет.

Гистогемалык тоскоол[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кан менен ткандардын ортосундагы ички коргонуу гистогемалык тоскоол деп аталат. Негизги коргоочу функцияны капиллярлар аткарат. Кан менен борбордук нерв системасынын. көздүн суюктугунун, кулак лабиринтинин эндолимфасынын ортосундагы жана башкалар адистештирилген тоскоолдор болот.

Бала тону[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эне менен түйүлдүктүн ортосундагы бала тону да өзгөчө коргогуч болуп, өөрчүп келе жаткан түйүлдүктү сактайт (Кош бойлуулук). Ошондой эле организмди оору козгогучтардан бошотууда лимфа системасьшын ролу да чоң. Азыркы кездеги көз караш боюнча ички коргоо системаларына клеткалардын ичиндеги тоскоолдор кирет (Клетка).

Оорулардын пайда болушу тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оорулардын пайда болушуна тышкы жана ички тоскоолдордун түрдүү микробдорго, зат алмашууда (өзгөчө анын бузулушунда) пайда болгон зыяндуу продуктуларга туруктуулугунун бузулушу алып келет.
Организмдин коргонуу функцияларынын чөйрөнүн өзгөрүшүнө карата ыңгайланып турушу организмдин тиричилигинде маанилүү, алар аны оорулардан, уулануудан жана башкалар сактайт. Ал жашка, нерв жана гормондук өзгөрүүлөргө, нерв системасынын тонусуна жана башкалар себептерге жараша болот. Организмдин коргонуу функциялары уйку бузулганда, ачка болууда, чарчоодо, травмада, иондошкон нурлар таасир эткенде жана башкалар бузулат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8