Оролгон соссюрея

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Оролгон соссюрея (лат. Saussurea involucrata, (Kar.et Kir.) Sch. Bip) - Бийиктиги 15–35 см ге чейин жеткен, көп жылдык, сабаксыз же жөнөкөй сабактуу, кыймасынан ылдый түшкөн жалбырактуу өсүмдүк. Жалбырагынын узундугу 14 см, туурасы 3 см. Жан тамырындагы жана сабактагы жалбырактары узунча жазы ланцеттей, жазыланган ак кабыктуу жалбырак саптуу. Жалбырагы түкчөлөр менен капталган. Гүлдөрү түтүк сымалдуу, киргилт-кызыл-көк түстө келип, себет топ гүлүнө чогулуп (20 даанага чейин) нык калканчага топтолгон жана 2 катарлуу ири гүл жан жалбырактары менен курчалып турат. Гүл жан жалбырактары ачык, 13-17 санда, эки катар, ийилген, гүл тобу менен чогуу диаметри 21 (26) см ге чейин, жылаңач, жээктери тишчелүү. Урукчалары күрөң, кош көкүлдүү.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү[оңдоо | булагын оңдоо]

Июнң-июлң айларында гүлдөп, августта мөмө байлайт.Уругу менен көбөйөт.

Жалпы жана өлкөдө таралышы[оңдоо | булагын оңдоо]

Республиканын чегинен тышкары Казакстанда (Түндүк Тянңшанң жана Жунгар Алатоосу), Россияда (Чыгыш Сибирде); Кыргызстанда – Күңгөй Алатоо (Чоңаксуу ашуусу), Тескей Алатоо (Торпу, Чоңашуу ж.б. ашуулары), Акшыйрак (Петров мөңгүсү), Сарыжаз, Эңгилчек жана Койлуу сууларынын бассейнинин жогорку нугу.

Өсүү шарттары[оңдоо | булагын оңдоо]

Эшилме шагыл-таштуу бийик тоо беттеринде, морендерде, алңпы жана нивалдык алкактарда.

Саны[оңдоо | булагын оңдоо]

Жаратылышта өтө чектелген.

Чектөөчү факторлор[оңдоо | булагын оңдоо]

Жайкысын малды чексиз санда жайып, уюштурулбаган, баш-аламан туризм.

Өстүрүү[оңдоо | булагын оңдоо]

Эч кандай маалымат жок.

Уюштурулган коргоо аракеттери[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз ССРинин Кызыл китебине (1985) киргизилген.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер[оңдоо | булагын оңдоо]

Түр өскөн популяцияларынын аймактарын коргоо; жыш жана максималдуу кездешкен жерлерде ботаникалык заказниктерди уюштуруу.

Статусу[оңдоо | булагын оңдоо]

V U . Сейрек кездешкен түр. Кыргызстанда ареалынын чегинде бул түр аз санда, белгилүү гана аймактарда кездешкендиктен, тез аранын ичинде таптакыр жок болуп кетиши мүмкүн.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]