Орто-Азия улуттук мамлекеттик бөлүнүшү

Википедия дан

Орто-Азия улуттук мамлекеттик бөлүнүшү 192425-ж. Компартиянын лениндик улут саясатынын негизинде Совет мамлекет тарабынан ишке ашырылган.

  • 1917-ж. 2(15)-ноябрда кабыл алынган «Рос­сия элдеринин укуктарынын декларациясында» Россияда жашаган элдердин эркиндиги, теңдиги, өз алдынча мамлекет түзүү укугу жарыяланган.
  • 1918-ж. О. Азия элдери жашаган ай­мак РСФСРдин составындагы Түркстан АССРине, Хорезм жана Бухара Совет республикаларына бөлүнгөн.
  • 1924-ж. Бухара. Хива, Түркстан КПБКсынын пленумдары улуттук мамлекеттерге бөлүү үчүн саясий-экон. шарттандын жетилгендигин белгилеген. РКП (б) БК 1924-ж. июнда О. Азиянын парт, уюмдарынын бул сунуштарын жактырган.
  • 1924-ж. 14-октябрда РСФСР ББАК-тын 2-сессиясы Түркстан АССРин өзгөртүү тууралуу чечим кабыл алган.
  • СССР БАКтын 1924-ж. 27-октябрдагы токтомуна ылайык О. Азияда Турк­мен ССРи жана Өзбек ССРи (1924-ж. 27-окт.), Озбек ССРинин карамагында Тажик АССРи (1924-ж. 14-окт.), РСФСРдин карамагында Кара Кыр­гыз АО (1924-ж. 14-окт.) жан Кара­калпак АО (1925-ж. 11-февр.) түзүлгөн. Түркстан АССРиндеги казактар басымдуулук кылган аймактар жаңы түзүлгөн Казак АССРине бириккен.
  • Кара Кыргыз АО 1925-ж. майда Кыр­гыз АО, 1926-ж. февралда Кыргыз АССРи аталып, 1936-жылдагы СССР Конституциясынын негизинде Кыр­гыз ССРине айланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.