Оскар 2016

Википедия дан
88-чи «Оскар» сыйлыгын сыйлоо аземи
Датасы

28-февраль 2016

Өткөрүү орду

«Долби» театры, Голливуд,
Лос-Анжелес, Калифорния, АКШ

Алып баруучу

Крис Рок

Продюсерлери

Дэвид Хилл,
Режинальд Хадлин

Түз эфир
Телеканалы

ABC

Узактыгы

3 саат, 37 мүнөт

Көрүүчүлөр

34.42 миллион
23.4% (Nielsen ratings)

oscar.com


88-чи «Оскар» сыйлыгын тапшыруу аземи - 2016 жылдын 28 февралында өткөрүлдү. Лос-Анжелес. «Долби» кинотеатрына агылган жылдыздар фотографтарга сүрөткө түшүп берип, кийип келген көйнөгү менен кийимге табити мыкты экенин стилисттерге далилдөөгө аракет кылышты. Бирок бул жолку «Оскар» демейдегиден өзгөчө болду десек жарашат. Анткени жыл бою Леонардо Ди Каприонун тегерегиндеги жылуу да, ачуу да кептер интернетте, басылмаларда кызуу талкууланып, баары быйылкы «Оскарды» күтүп жатышкан. Буга кошумча кара терилүү актёрлордун «Оскарга» бойкот жарыялаганы да аталган аземге кызыгууну арттырды.

Чыңалуу менен башталган азем[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жылдын эң маанилүү окуясы «Оскар» сыйлыгына талапкерлер ачыкталгандан тарта чыңалуу менен башталган. 14-январда киносыйлыкка талапкерлердин тизмеси жарыяланары менен кара терилүү актёрлор нааразы болгону коомчулукту ойго салды. Бойкот жарыялаган режиссёр Спайк Ли менен актёр Уилл Смиттин жубайы Жада Пинкетт-Смит айткандай эле сыйлыкты тапшыруу кечесине келишкен жок. Бирок кара терилүү өнөрпоздор канча ызы-чуу салып, аземди үзгүлтүккө учуратууну каалабасын теги африкалык Крис Рок алпаруучу болду.

Аземдин алып баруучусу Крис Рок

Окуялардын тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Датасы Окуялар
Ийшемби , 14 ноябрь 2015 Атайын сыйлыктарды тапшыруу аземи
Жума, 8 январь 2016 Номинацияларга добуш берүү жыйынтыкталды, кече 5:00 те PST (01:00, 9 январь, UTC) (кече 8:00 те EST)
Бейшемби, 14 январь 2016 Номинантар жарыяланды
Дүйшөмбү, 8 февраль 2016 Эртең мененки номинанттар
Жума, 12 февраль 2016 Акырын добуш берүүнүн башталышы
Ийшемби, 13 февраль 2016 Илимий техникалык жетишкендик үчүн сыйлыктарды тапшыруу аземи
Шаршемби, 23 февраль 2016 Акыркы добуш берүү жыйынтыкталды
Жекшемби, 28 февраль 2016 88-чи «Оскар» сыйлыгын тапшыруу аземи

Лауреаттар жана номинанттар тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сыйлыктардын саны/номинация

«Оскарды» кучактап жыргагандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Леонардо Ди Каприо «Оскар» алабы, албайбы деген жоромолдор жылдын башкы интригасына айланган эле. Акыры 18 жашынан бери «Оскар» сыйлыгына көрсөтүлүп, бирок багы ачылбай жүргөн Леонардону киноакадемиктер талашсыз «Мыкты актёр» деп табышты. Сыйлыкты алып жатканда Леонун кубанычы үчүн залда отургандар туруп кол чаап, «Титаниктеги» өнөктөшү Кейт Уинслет көзүнө жаш алса, актёр өзүн бир калыпта олуттуу, салмактуу кармап, «Аман калган» тасмасы тууралуу кеп салды. Режиссёр Алехандро Гонсалес Иньярриту Леонун далысынан таптап, «сен аман калдың» деп тамашалаганы учурда кызуу талкууда. Муну менен катар Иньярриту «Мыкты режиссёр» деп табылып, эки жолу катары менен «Оскар» алып жатат. Ушул эле тасманын оператору Эммануэль Любецки «Мыкты оператор» наамын алып, катары менен үчүнчү «Оскарды» илип кеткени баарын таң калтырды. Ал эми «Мыкты тасма» наамын «Кө­ңүл чордонунда» («Борбордогу көңүл») фильми, «Мыкты актриса» наамын «Бөлмө» фильминде жараткан ролу үчүн Бри Ларсон, «Экинчи пландагы мыкты актёр» наамын «Тыңчылар көпүрөсү» («Шпионский мост») тасмасындагы ролу үчүн Марк Райлэнс, «Экинчи пландагы мыкты актриса» наамын «Даниялык кыз» тасмасындагы ролу үчүн Алисия Викандер алышты.

Кызыктуу маалыматтар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Укмуштуу Макс: Кыжырланткан сапар» тасмасы бул жылы 6 номинацияда «Оскар» сыйлыгын жеңип, жылдын фаворити аталды.
  • Аземден кийин Леонардо Ди Каприо достору менен сыйлыгын майлап жүрүп статуэткасын барда унутуп кала жаздады. Актёр машинага отурганда жанындагылар анын колуна биринчи шампан, андан соң «Оскардын» статуэткасын алып келип беришкен. Актёр сыйлыгын алдыда отурган таанышына сунуп, колуна шампанды кармап алган видео интернетке тарап кетти.
  • Салтанаттын алпаруучусу Крис Рок кыздарын сахнага алып чыгып, залда отургандардан алар жасаган печеньелерди сатып алууну сунуштады. Актёр кече бүткөндөн кийин мындай «кирешелүү ишмердигинен» 65 миң доллар пайда тапканын айтты. АКШнын вице-президенти Жо Байден печенье үчүн 20 доллар берген.
  • «Оскар-2016» аземинде эң күтүлбөгөн учур «Жылдыздар согушу: Күч-кубаттын жанданышы» тасмасындагы роботтордун номер көрсөткөнү болду. Тасма наамга көрсөтүлүп, бирок бирине да илинбей калды.
  • Твиттерде Леонардо Ди Каприонун «Оскар» алганын 1 мүнөттө 440 миң колдонуучу жазып, рекорд коюшту.

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калып:Оскар киносыйлыгы