Осмонизм

Википедия дан

Осмонизм, отто манизм — Ос­мон империясындагы саясий доктри­на.

19-кылымдын аягында жаш турктор тарабынан иштелип чыккан. Адегенде «бардык осмондордун», б. а. Ос­мон империясынын бардык букараларынын «теңдигин» (улутуна, динине карабай) жарыялаган.

Бирок кийин, бөтөнчө 1908-ж. жаш турктор бийликке келген соц, «бирдиктуу осмон улутун» түзүү үчүн империядагы ботон элдерди турктоштуруу зарылдыгы жөнүндөгү идеологияга жана турк эмес элдердин улуттук талаптарына каршы куралга айланган. Империядагы түрк эмес элдердин улуттук-бошт. кыймылынын күчөшү, Триполитания согушу (191112) жана Балкан согуштары (1912—13) Осмонизмдин негизсиздигин ашкерелеген. Кийин Осмонизм идеясы пантуркизм менен панисламизм агымдарында өөрчутулгөн.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.