Осмонов, Абдрай

Википедия дан
Осмонов Абдырай

Осмонов Абдырай [1939-ж. т, Жети-Өгүз району, Тилекмат айылы (мурдагы Шалба)] — сүрөтчү-живописчи. Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү (1991). Кыргыз Республикасынын искусствого эмгек сиңирген ишмери (1984).
1959-ж. Бишкек сүрөтчүлөр окуу жайын, 1965-ж. Ленинграддагы Репин атындагы сүрөтчүлөр академиясын бүткөн.

1965-жылдан Бишкектеги С. А. Чуйков атындагы мамлекеттик сүрөтчүлөр окуу жайында окутуучу. Ал тематикалык

Файл:Osmonov abdyrai pict1.jpg
Эртең мененки убакыт. 1987.

жанрдагы картиналар менен портрет тартат. Көп картиналары айыл турмушуна арналган.

Көргөзмөлөргө коюлган негизги картиналары: «Жаш эне», «Колхоз тою», «Мейманга», «Түшүм жыйноо», «Кырманда», «Түшүм» жана башка, М. Рыскуловдун, Сүймөнкул Чокморовдун жана башка ар кандай кесиптеги кишилердин портреттери да анын калемине таандык.
Кубада, Монголияда, Скандинавия өлкөлөрүндө, КМШ мамлекеттеринде жана республикада өткөрүлгөн көргөзмөлөргө катышкан.
КМШ көргөзмөсүндө коло медалга татыктуу болгон. Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.